Кеминде катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү

Бүгүн, 10-майда саат 19:10 чамасында Чүй облусунун Кемин районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жол бойлой шар аккан суу Тар-Суу — Тегирменти унаа жолуна коркунуч жаратты. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.

Селдин суусу жол четин алып, көпүрөнү да агызып кетүү коркунучунда. Учурда жерине жолчулар менен атайын техникалар тартылууда.

Буга чейин 10-12-май күндөрү аба ырайы өзгөрүп, өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгү айтылган.