Кеминде контейнер менен тосулган жер тилке мамлекетке өттү (видео)

Чүй облусунун Кемин районундагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, базар баасы 4 миллиард 7 миллион 77 миң сомду түзгөн 353,3 гектар өндүрүштүк жерлер аныкталып, мамлекеттин балансына Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тиешелүү текшерүү иштеринин жүрүшүндө, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты М.Н.К. аффилирленген компаниялар аркылуу мамлекеттик өнөр жай жерлерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп алганы аныкталган.

Учурда УКМК мамлекеттик мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча иштерди улантууда.