Кеминде Кызыл китепке кирген тоо текени аткандар кармалды

Кемин районунда Кызыл китепке кирген тоо текени аткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

4-сентябрда Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн жана Чүй облусунун жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери биргеликте, Кемин районунун Көк-Ойрок жайлоосунан Москвич үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышып, унаадан Кызыл китепке кирген тоо текенин этин жана ошондой эле уруксат кагазы жок 2 курал алышкан. Аталган унаадагы жарандар окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылышып, бирок милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Аталган факты Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, иликтөө иштери башталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жогорудагы окуя боюнча 1984-жылы жана 1972-жылы туулган жарандар экени аныкталып, өзүлөрүнүн көрсөтмөлөрүндө алар 3-сентябрь күнү Кемин районунун Көк-Ойрок жайлоосунан жапайы тоо текени атышканын билдиришкен.