Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Терек-Жайлоо кыштагында 22-февралда жайытка кеткен боюнча үйүнө кайтып келбеген аял изделип жаткан. Кечээ, 26-февралда, кечке жуук анын сөөгү Жел-Арык жайытынан табылганын Чүй облустук милиция башкармалыгынан кабарлашты. Алдынала тергөө маалыматтарына караганда 32 жаштагы аял туманда адашып кетип, көпкө чейин ызгаар суукта жатып калганынан улам тоңуп каза тапкан. Артында 3 баласы калгандыгы маалым болду. Анын өлүмүнөн улам тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы айтылды.
Кеминде малды жайыттан айдап келгени кеткен аялдын сөөгү табылды
- Categories: КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
Related Content
Өзбекстан менен Кыргызстандын чектешкен жеринде жер титиреди
Автор
СЕРЕП МЕДИА
15:36 05.05.2024
Бишкекте сойкулук уюштурган жана ыпластыкка көмөктөшкөн шектүүлөр кармалышты
Автор
СЕРЕП МЕДИА
15:33 05.05.2024
"Жабыркагандар жок". Бишкектен Ошко учкан учак авариялык жагдайдан улам кайра конду
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:26 05.05.2024
Оштун Кызыл-Суу дарыясына түшүп кеткен 3 жашар баланын сөөгү табылды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
13:46 04.05.2024
"Дайсон" фенин алып... Бишкекте үйгө бастырып кирип, тоноого шектүү кармалды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
13:41 04.05.2024