Кеминде Матиздин айдоочусу жөө адамды сүзүп, качып кеткен

Кеминде Матиздин айдоочусу адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 16-сентябрда саат 20:30 чамасында болгон. Жабырлануучу жеңил жаракат алган.

Кечээ, 17-сентябрда милиция кызматкерлери 1985-жылы туулган шектүүнү кармашкан. «Ал кошумча иликтөө үчүн Кемин РИИБге жеткирилген. Унаа унаа токтотуучу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.