Кеминде өспүрүм кокустан өзүн-өзү атып алды

Young hunter. Shotgun Training in shooting sports.

Кемин районунда 15 жаштагы өспүрүм мылтыктан кокустан өзүн-өзү атып алды. Бала ооруканага жеткирилген, бирок анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Жабырлануучунун атасы кырсык катталгандан эки күн мурда уулу айылда жайгашкан жайыттардын биринен ок атуучу куралды таап алганын жана анын ичиндеги окторду чыгарып, куралды гаражга жашырып койгонун билдирген. Учурда бул иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.