Кеминдеги жол кырсыкта 3 адам каза болуп, 11 адам жаракат алганы айтылды

Кечээ, 15-август күнү саат 17:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда (Кеминге жакын) жол кырсыгы катталган. Чүй ОИИБден билдиришкендей, Тойота Авенсис жана Мерседес Вито үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. 

Окуянын күбөлөрү кырсыктын кесепетинен 3 киши каза болуп, 11 адам жаракат алганын айтышууда. Милиция каза болгондор жана жаракат алгандар тууралуу азырынча маалымат бере элек.