Кемпир-Абад суу сактагычына 19 жаштагы жигит чөгүп каза болду

Өзгөн районунун Айгыржал айылындагы Кемпир-Абад суу сактагычына 2004-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Издөө иштерине ӨКМдин №53 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн жана Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 10 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар тарабынан табылган жарандын сөөгү ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп берилди.