Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен 23 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-август күнү Правда айылында жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычына 1998-жылы туулган жигит чөгүп кеткен.

Бүгүн, 18-август күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 09:15те Өзгөн райондук №53 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн 2 куткаруучу, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 5 куткаруучу тартылып, саат 15:12де куткаруучулар тарабынан баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүп берилген.