Кербенде унаасында отурган адамга бир нече жолу ок атылган

Аксыда жаранга ок атып, унаасын айдай качкан жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-ноябрга караган түнү саат 02:30 чамасында Аксы районунун 1996-жылы туулган тургуну Кербен шаарында ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаасында отурган кезде, Эрнис (аты өзгөртүлдү) аттуу жигит ок атуучу курал менен 2-3 жолу ок чыгарып, унаасын ээлеп алып, белгисиз тарапка айдап качып кеткен. Жабырлануучу денесинен алган жараатынан улам аймактык ооруканага жаткырылган. Жогорудагы окуя боюнча топтолгон материалдар Аксы РИИБге Жазык кодексинин 39-130-беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, 4 даана октун гилзасы табылып, далил буюм катары алынган. Милиция тарабынан окуяга катыштыгы бар жарандардын аты-жөнү такталып, алар Аксы районунун тургундары 1997-жылы туулган эки жигит экендиги аныкталды. Алар 2 айга камакка алынган.