Керектүү жабдууларга туташтырууга үлгүрбөй каза болушкан. Улуттук кардиологиядагы өрттөн каза болгондордун себеби айтылды

Жүрөк хирургиясы илимий-изилдөө институтунда өрттөн каза болгон балдарды керектүү жабдууларга туташтырууга үлгүргөн эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.

Ал белгилегендей, өрт жертөлөдөн башталып, вентиляциядан улам түтүн жогорку кабаттарга, анын ичинде палаталарга жана реанимацияга тараган. «Дарыгерлер бейтаптарды коңшу бөлүмгө эвакуациялай башташты. Эки бала керектүү жабдууларга туташтырууга үлгүрбөй каза болду», — деди ал.

Операциядан кийинки  — 1 жаш 7 ай жана 16 жаштагы балдар Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимациясында каза болушкан.