«Керемет банктын» төрагасынын орун басары кармалганы маалымдалууда

«Керемет банктын» төрагасынын орун басары кармалганы маалымдалууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өз булактарына таянуу менен жарыялашты.

Андан тышкары, банктын дагы үч кызматкери кармалган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аларга карата «Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу», «Алдамчылык», «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.