Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын 16-декабрындагы чечими менен “Керемет банктын” төрагасынын орун басары Максат Дадыбаев камакка алынган. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.
Бишкек шаардык соту Башкы прокуратуранын Тергөө комитетинин тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчүн канааттандырган. Максат Дадыбаев 2023-жылдын 14-февралына чейин 2 айлык мөөнөткө Бишкек гарнизонунун аскер комендатурасына камакка алынган.
Маалыматка караганда, ал арам акчаны адалдоо, документтерди жасалмалоо жана алдамчылык боюнча айыпталууда. Бул алдын ала коюлган беренелер.