«Кезек талаша кетишкен». Жалал-Абадда 11-класстын окуучусу каза болгон кылмыштын чоо-жайы

31-март күнү саат 20:30 чамасында Аксы райондук ооруканасынан милицияга чалышып, 2008-жылы туулган Кош-Дөбө айылынын тургуну денесине бычактан алган жаракат менен оорукананын сынык-жарат бөлүмүнө келип жатканын кабарлаган. Аталган маалымат 31-март күнү Аксы РИИБге “Бейбаштык” фактысы менен катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Окуя болгон жерге Аксы РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемасы түзүлүп, сүрөткө тартылып далил катары жерге аккан кандардан үлгү жана жерден шектүүгө таандык делген маки бычагы алынган.

Тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган: 31-март күнү саат 16:30 чамасында Кош-Дөбө айылынын тургуну, 11-класстын окуучусу 2006-жылы туулган К.М. айылда чач тарачка чачын алдырганы барып, кезекти сураган кезде, ошол эле айылдын тургуну 9-класстын окуучусу 2008-жылы туулган М.Д. да кезек күтүп туруп, экөөсүнүн ортосунда кезек талаштан улам уруш чыккан. Экөө сыртка чыгышып, ал жерде М.К. шектүү делген Д.Мны уруп жибергенде башы дубалга тийип жерге кулап түшкөндүгү жана ал туруп баратып өзү жанына салып жүргөн чөнтөгүндөгү маки бычагы менен М.Кнын сол бутунун санына сайып жибергендиги такталган. Кесепетинен К.М. алган жараатынан улам Аксы райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, ал эми М.Д. райондук оорукананын сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылган.

31-март күнү саат 21:50дө К.М. алган жараатынан улам Аксы райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калган. Аталган факты боюнча учурда Аксы РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.