Кичи-Алай тоолорунда тик учактын авариялык конуусунан жабыркагандарга Тез жардам кызматы жиберилди

Кичи-Алай тоолорунда кырсыкка кабылган тик учактын ичинде 13 адам болгон. Алардын ичинен 3 киши жабыркаган. Бул тууралуу Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы оорукананын башкы дарыгери Эртабылды Көккөзов СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

Башкы дарыгердин айтымында, тик учак Кичи-Алай тоолорунун Ноокат районуна жакын аймагына кулаган. Райондук ооруканага маалымат келип түшөөрү менен 3 Тез жардам тобу жиберилген.

“Маалымат боюнча, тик учакта 13 адам болгон жана алардын ичинен үчөө жаракат алган. Биз 3 Тез жардам тобун жибердик. Кырсык болгон аймакта мобилдик телефон тартпаган үчүн жардамга кеткен дарыгерлер менен байланыша алган жокмун. Ошол жакта жүргөндөрдүн айтымында, жабыркагандардын абалы жакшы. Бейтаптарды алып келгенден кийин биз алардын абалы боюнча билдирүү жасайбыз”, — дейт башкы дарыгер.