Кичи автобус менен жүк ташуучу унанын катышуусундагы үрөй учурган жол кырсыктын видеосу тарады

Социалдык тармактарда №169 кичи автобус менен КамАЗдын катышуусундагы үрөй учурган жол кырсыктын видеосу тарады.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек мэриясы кырсык Сокулукта бүгүн, 19-июлда катталганын билдиришти. Чүй облустук милициясы маалымат берилерин айтышты.