Кичи автобуста жүргүнчүнү тоногон шектүү тергөөчүнүн бөлмөсүндө чыр чыгарды

Бишкекте каракчылыкка шектелип кармалган адам тергөөчүнүн кеңсесинде баш аламандык уюштурганын бүгүн, 5-мартта Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү 18-февралда түштөн кийин кичи автобустагы жүргүнчүгө кол салган. Ал күч колдонуп, жүргүнчүдөн 10 миң сомун тартып алып, качып кеткен.

Жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факт Жазык кодексинин 201-беренеси (каракчылык) менен катталган.

Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка 1984-жылы туулган Н.А. шектелип кармалган. Ал Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.

«Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кармалган адам өзүн агрессивдүү көрсөтүп, тергөөчүнүн столун жана компьютерин сындырган»,- деп билдирди басма сөз кызматы.

Бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен катталган.

Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ленин райондук соту аны үй камагына чыгарды. Шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги текшерилип жатат.