Кичи Кировка айылындагы жол кырсыктан 7 адам жабыркады

Кара-Буура районунунТалас-Тараз унаа жолунун 53-чакырымында Ауди С-4 менен Фольксваген Пассат унаалары сүзүштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 4 эркек жана 3 аял жабыркаган. Учурда аты-жөнү такталып жатат. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.