«Кичинеден тамак ичип баштады». 3-кабаттан кулаган 3 жашар баланын абалы жакшы

Чүйдүн Ивановка айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 3-кабатынан кулап кеткен 3 жашар баланын абалы жакшы. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкектеги Жалда жайгашкан Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси билдирди. Анын айтымында, балага кечээ, 17-июнда операция жасалган.

«Балага операция жасалып, баш бөлүгүнүн жабыркаган сөөктөрү калыбына келтирилди. Азыр абалы жакшы. Бүгүн кичинеден тамак ичип баштады. Биздин ооруканага которулгандан кийин көзүн ачкан», — деди ал.

Кечээ, 17-июнда Ысык-Ата аймактык ооруканасына кайрылганыбызда аларга бала 8-июнда түшкөнүн, бирок ага керектүү жардам берүү үчүн жогоруда аталган ооруканага которушканын айтышкан эле.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуяга кайдыгер карабаган Ивановка айылынын тургуну Алтын Курманбаева кайрылып, таенеси жана апасы менен жашаган 3 жаштагы бала 3-кабаттан кулап түшкөнүн, анын жерде жатканын эч ким көрбөгөнүн айтып, Ысык-Ата аймактык ооруканасына жеткиргенин билдирген. Ал эми баланын апасы бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.