Баланы велосипеди менен кошо сел алып кеткен видео тарады

Социалдык тармактын колдонуучулары сел суусу баланы агызып кеткендеги видео менен бөлүшүп жатышат.

Айрым маалыматтарга караганда, окуя 18-июнь күнү Кызыл-Кыя шаарында болгон. Видеодон тургундардын баланы сел суусу велосипеди менен кошо агызып кетип жаткан жеринен кармап калганын көрүүгө болот.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Баткен ОИИБге кайрылганыбызда, маалыматты тактап берүүнү убадалашты.