«Кичинекей кызды муунтуп баштаган». Москвада кол салууга шектелген Кыргыз жараны камакта калтырылды

Москвада сот дүкөндө 6 жашар кызга кол салган 43 жаштагы Кыргыз жаранын камакка алды. Бул тууралуу Фонтанка.ру жазды.

Шектүү Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси жашы жете элек кызды өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталып жатат.

Эки апта мурун Орусияга барган кыргызстандык Москванын түштүк-чыгышындагы дүкөндө кичинекей кызга кол салып, аны муунта баштаган. Жашы жете элек кызды өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча иш козголгон. Тергөөчүлөр видеокөзөмөл камераларынын кадрларын карап, окуянын күбөлөрүн суракка алып жатышат.