«Кийимдери дарыянын жээгинен табылган». Нарында 80 жаштагы карыя дайынсыз болууда

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Нарында 80 жаштагы карыя үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, жансыз денеси дарыядан изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 29-июнь күнү Нарын шаарынын 1942-жылы туулган тургуну үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон. Аталган жарандын кийимдери Нарын дарыясынын жээгинде табылган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кеч болгондугуна байланыштуу убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 30-июнь күнү издөө иштери улантылат.