Кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган 80 жаштагы карыя 4 күндөн бери изделип жатат

Нарында 80 жаштагы карыя 4 күндөн бери изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Аталган жарандын кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган.

Кечээ, 2-июлда дайынсыз жоголгон 1942-жылы туулган Нарын шаарынын тургунун издөө иши улантылган. 16 куткаруучу жана туугандарынан 4 адам тартылган.

Издөө иштерин жүргүзүүгө аталган адамдар 4 топко бөлүнүп, Нарын шаарынан батышты карай аймактарда иштерди жүргүзүшүүдө. Тактап айтканда 1-топ туугандарынан түзүлгөн Нарын шаарынан Ак-Кыя белине чейин, 2-топ куткаруучулар Ак-Кыя белинен Жан-Булак айылынын тушуна чейин, 3-топ куткаруучулар, Жан-Булак айылынан Хутор Ак-Талаа айылына чейин, 4-топ куткаруучулар, Эмгек-Талаа айылынан Ак-Тал-Чат участкасына чейин издешүүдө.