Кикбоксер Ален Офойонун эмнеге шектелип кармалганы маалым болду

Кикбоксер Ален Офойо Бишкекте бир кишинин эки тишин түшүрө урган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-октябрда Октябрь РИИБге жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 15:30 чамасында Юнусалиев көчөсүндө ага кол көтөрүп, 2 тишин түшүрө урган адамга карата чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1990, 1982, 1985 жана 1988-жылы туулган жарандар жеткирилген. Алар суралып, бошотулду. Ошол эле учурда экинчи тарап дагы арыз менен кайрылган. Тергөө уланууда.