Кинодогудай… Ошто чет өлкөнүн жараны 5 миллион сом уурдоого шектелип жатат

Ири суммадагы акча уурдаган чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаарынын Тилеке-Баатыр көчөсүндө жайгашкан соода маркеттеринин биринин ээси арыз менен кайрылган. Ал арызында 29-январга караган түнү аталган дүкөндүн ичинен белгисиз жаран жалпы суммасы 5 миллион 350 миң сом акча уурдап кеткендигин билдирген. Уурулук жасагандар адегенде экинчи кабаттын терезеси аркылуу киришип, экинчи кабаттан биринчи кабаттагы соода маркетине ортодогу шыпты атайын каражаттар менен бузуу жолу менен киришкен. Акча каражаттарын алган соң, кайрадан ушундай жолу менен изин жашырган.

Милиция кызматкерлери тарабынан 9-февраль күнү бул кылмышка шектүү катары алыскы чет өлкөнүн жараны кармалды. Ал Ош шаарында убактылуу жашаган 1997-жылы туулган, Ош шаарындагы медициналык багыттагы жогорку окуу жайлардын биринде контракттын негизинде окуган жаран болуп чыккан. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө жасаган кылмышын моюнуна алып, аталган соода маркетинде сөзсүз акча болорун боолгоп, кылмыш жасоого даярданып жүргөндүгүн, алдын ала темир кесүүчү аппарат, беткап жана темир шаймандарды даярдап жүргөндүгүн билдирген. Тергөө иштерин жүрүшүндө көрсөтүп да берген. Көрсөтмөсүнө ылайык, шектүү экинчи кабатка жеңил шаты менен чыгып, терезени темир кескич менен аралап, бузуп кирген. Андан соң, экинчи кабаттан биринчи кабатка темир конструкциядан турган шыпты дагы ушундай жол менен эле бузуп, соода маркетине кирген.

Шектүү уурдалган акчанын коротууга үлгүрбөй калган 819 миң 460 сомун кайтарып берген. Андан сырткары сомду долларга алмаштырып, 37 500 доллар акчаны өз мекенине которгон, 1600 доллар акчаны окуган окуу жайынын акысына төлөгөн. Калган сумманы өз кызыкчылыгына короткон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан уурулук боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, шектүүнүн өз мекени менен байланыш түзүлүп, келтирилген чыгымды өз ордуна коюу боюнча иш алынып барылууда. Шектүү Ош шаарындагы тергөө абагында кармалып жатат. Ош шаардык соту тарабынан 11-февралда тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим кабыл алынды.