«Киного тартылам» деп кетип дайынсыз жоголгон Айара Султанова табылды

Чүй облусунда «киного тартылам» деп үйүнөн чыгып, дайынсыз болгон 15 жаштагы Айара Султанова табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБиден маалымдашты.

Дайынсыз жоголгон Айара Султанова кечээ, 20-июнь күнү Бишкектеги жаңы конуштардын биринен табылды. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ал ата-энесине өткөрүп берилген.