«Киного тартылам» деп кеткен. Чүйдө 15 жаштагы кыз изделүүдө

Чүй облусунда 15 жаштагы Айара Султанова изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБисинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Айара 18-июнь күнү Кегети айылынан саат 10:00 чамасында тасмага тартылам деп чыгып кеткен боюнча кайрылган эмес.

Белгилери: бою 145-150 сантиметр, чачы кара, кыска, каректери кара, кашы калың, кара.

Кийген кийими: Ак футболка, кара джинсы.

Көрүп-билгендер болсо Чүй ОИИБинин нөөмөт бөлүмүнө чалыңыздар: 0312430127, 0312607225, 313858289, 0552992025 (издөө тобу) же 102.