Бишкектин кинотеатрындагы уурулук видео көзөмөлгө түшүп калган

Бишкек шаарында уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

4-апрелде саат 21:30 чамасында Манас проспектисиндеги кинотеатрда 55 миң сомго бааланган ноутбук уурдалган. Ууру видеокамерага тартылганын билген эмес. Жабырлануучу милиция кызматкерлерине кийинки күнү кайрылып, уурулукка шектелип көп узабай 1985-жылы туулган жаран кармалды. Ал сот тарабынан 1 айга убактылуу камакка алынган. Анын үстүнөн уурулук боюнча дагы бир арыз түшкөнү белгилүү болду.

Милиция кызматкерлери шектүүдөн жабыркагандар болсо 0(312) 352-947, 0(312) 654-494, 0(700) 972-222 телефон номурлары же «102» кызматы аркылуу кабарлашууга чакырат.