Кир жуучу айнанын ордунда туз. Нарындагы шылуундук

Нарында жасалма кир жуучу каражаттарды сатып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

Милицияга Нарын шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 20-апрель күнү бейтааныш болгон өзүн Казакстандан келдик деп тааныштырган эки адам арыздануучунун ишеничине кирип, алдоо жолу менен «Тайд», «Ариел» жана «Персил» үлгүсүндөгү айналардын пакетине белгисиз порошокту салып сатып жиберишкендигин билдирген. Мындан тышкары Нарын шаарында жайгашкан 4 соода-сатык түйүнүнүн ээлери ушундай эле билдирүү менен кайрылышкан. Аталган факты Нарын ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Нарын ШИИБдин кызматкерлери тарабынан Өзбекстандын 2 жараны кармалып, Тергөө кызматына жеткирилип, шектүүлөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жери жок болгондуктан бөгөт коюу чарасы катары тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин 2 айга №24 мекемесине камакка алынган. Ошондой эле, шектүүлөр мыйзамсыз киреше табуу максатында кир жуучу каражаттардын ичине туз менен толуктап жана сырттарын чаптап алышып, Нарын шаарында орун алган дүкөндөргө кир жуучу каражат деп алдоо жолу менен сатып жибергендиги аныкталган.