Киров суу сактагычына чөгүп кеткен жигит 2 күндөн бери табыла элек

Киров суу сактагычына чөгүп кеткен 22 жаштагы жигит 2 күндөн бери табыла элек. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

23-июль күнү саат 17:33 чамасында Чолпонбай айылынын Киров суу сактагычына 2001-жылы туулган жигит чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 24-июль күнү издөө иштерин улантуу максатында 12 каткаруучу жана ИИМден 4 кызматкер  тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. 25-июль күнү издөө-иштери улантылат.