Киши сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкектин Анкара  көчөсүндө киши сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Социалдык тармактарда 21-февраль күнү белгисиз жаран жолоочуну сүзүп кеткен видео тарап, талкууга алынган. Маалыматка ылайык, окуя саат 09:56 чамасында Анкара көчөсүндө орун алган. Жабырлагнуучу 2001-жылы туулган М.Э. атту өспүрүм экени аныкталган.

Ыкчам иликтөө иштерининин натыйжасында бул кылмышка шектелип, «Volkswagen Passat» үлгүсүндөгү унаанын ээси, 1969-жылы туурлган С.Б. аттуу жаран кармалды.

Шектүү Ички иштер министрлигинин убактылуу кароочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды.