УКМКнын кызматкерлери салык кызматкеринин жеке ишкерден опузалап 12 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-июнь күнү салык кызматкери жеке ишкерден ККМ орнотууда жана колдонууда салык иштерине байланыштуу маселелерин чечип берерин айтып, акча опузалап алган жеринен кармалган.