Клубда жолдошунан сокку жеп, тепкичтен кулаган келин. «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду

Кечээ, 30-августта социалдык тармактагы баракчаларга видео тарап, анда тепкичке чыгып бара жаткан белгисиз адам артында бараткан кызды чыканагы менен бетине уруп жибергени тартылган. Кыз тепкичтен ылдый кулап түшкөн. Окуя болжолдуу Сухэ-Батор көчөсүндөгү караоке-барлардын биринде болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Бул факты Октябрь РИИБге каттоого алынып, Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө клубдун администратору көрсөтмө берген. Анын айтымында, ал 29-августка караган түнү өзүнүн жумуш ордунда болгонун жана келгендердин чоң тобу караокеде эс алып жүргөнүн тастыктады. Саат 01:20 чамасында жигиттин соккусунан тепкичтен кулап түшкөн кыздын окуясына күбө болгон. Буга байланыштуу ал «102» кызматына кабарлоону, милиция кызматкерлерине чалууну сунуштаган, бирок ал жолдошу экенин, анын белгисиз тарапка кеткенин айтып, жардамдан баш тарткан. Учурда шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.