Кочкор-Атада устадан 50 миң сом менен унаа талап кылган «смотрящий» делген жаран кармалды

Декабрь айында Ноокен районунун 32 жаштагы тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Ал Кочкор-Ата шаарынын Бакай деген тургуну өзүн «смотрящий» катары тааныштырып, 20-декабрда 50 миң сом жана 1 унаа беришин талап кылганын айткан. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.

Арыз ээси эгерде айтканын кылбаса, анда Кочкор-Ата шаарында жашоосу кыйын болуп, үй-бүлөсүнө жана өзүнө карата зомбулук көрсөтүлөрүн, айтканына көнсө, Кочкор-Ата шаарында устачылыгын кылып иштей берерин айтып коркутканын билдирген. Бул факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп тергөө иштери башталган. Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Бакай аттуу атуулдун аты-жөнү такталып, ал Ноокен районунун 1988-жылы туулган тургуну, мурда Орусияда “каракчылык” фактысы менен сот жоопкерчилигине тартылгандыгы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучудан 20 миң сомду алып кетип жаткан жеринен шектүү кылмыштуу шериктеши болгон Кочкор-Ата шаарынын 1088-жылы туулган тургуну менен кармалды. Шектүүлөргө карата бир айга камакка алуу түрү тандалган. Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.