Кочкордо 1,5 миллион сомду кымырып алгандарга кылмыш иши козголду

Жалган ведомосттор менен 1,5 миллион сомду кымырып алган кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

«Кочкор райондук Суу чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери эмгек акы төлөө үчүн банктарга тапшырыла турган төлөмдүк ведомостторго жалган маалыматтарды киргизишкен. Алардын 2023-2024-жылдар аралыгында жалпысынан 1 миллион 559 миң 221 сом акча каражаттарды кымырып алышкандыгы аныкталган», — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.