20-октябрда Кочкор айылында 1984-жылы туулган жаранды унаа сүзүп кеткен.
Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришкендей, аны белгисиз жарандар Кочкор райондук ооруканасына жеткиришкен. Жабырлануучу ооруканада көз жумган.
Кылмышка шектелип Ауди-100 унаасынын 1994-жылы туулган айдоочусу жана 1993-жылы туулган эки жүргүнчүсү кармалган. Тергөө уланууда.