Кочкордо диплом текшерүүдөн кийин жанын кыйган мугалимдин күйөөсү прокурорлор 15 миң доллар сураганын айтты

Кочкор районунда асынып каза болгон мугалимдин иши солгун жүрүп жатат. Бул тууралуу маркумдун жолдошу жыйын учурунда билдирди.

«Курманкул Зулушев, сиз билесиз менин жубайым диплом боюнча суицидге барган. Кочкор районунун прокуратура кызматкерлери 15 миң доллар сурашкан. Мындан тышкары, мектеп директору мугалимдердин көзүнчө 10 миллион сом төлөйсүң деген. Тергөө жакшы жүрбөй жатат. Орун керек болуп, райондук билим берүү бөлүмү, мурунку аким ушуга барышкан. Алты айдан бери жылыш жок», — деди жолдошу.

Курманкул Зулушев көзөмөлгө аларын айтты. «Бул маселе чечилген деп маага маалымат берген. Биз прокурорду текшерткенбиз. Азыр арыз менен видеону берсеңиз. Эгер далилденсе, баарына чара көрөм», — деди ал.