Кочкордо иске ууланган үй-бүлөнү 3 күн бою эч ким көрбөй калганы айтылууда

Кечээ Кочкор районунун Теңдик айылында үйлөрдүн биринен аялдын жана анын кыздарынын жансыз денеси табылганы, алардын иске ууланып каза болгону маалымдалган эле.

Нарын ОИИБинен билдиришкендей, окуя 19-декабрда болгон, анда жалпы 5 адам иске ууланган. Каза болгон 39 жаштагы келин, анын 7, 9, 11 жаштагы кыздардын сөөгү жерге берилди. Маркумдун кошуналарынын журналисттерге айтып бергенине караганда, иске ууланган үй-бүлөнү 3 күн бою эч ким байкаган эмес. Аман калган аялдын 5 жаштагы уулу ооруканадан дарыланып, үйүнө чыгарылган.

Туугандарынын айтымында, маркум аял жолдошу менен ажырашып, балдары менен айылга көчүп келип, эки бөлмөлүү үйдө жашашчу. Телефон аркылуу чалууга жооп бербегени үчүн аялдын бир тууган агасы келип, үйдөн карындашынын жана анын балдарынын жансыз денесин тапкан.