Кочкордо чогуу жашап жүргөн келинди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 23-январь күнү саат 21:30 чамасында Кочкор районунун Теңдик айылынын 1990-жылы туулган тургуну кайрылып, Тынай-Булак кыштоосунда белгисиз себептер менен каза болгон адамдын жансыз денеси жатканын билдирген. Аталган билдирүү боюнча Кочкор РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган учурда кашардагы үч бөлмөлүү үйдөн 20-25 жаштагы келиндин жансыз денеси табылган. Ага сыртынан кароо жүргүзгөн маалда күч колдонулуп өлтүрүлгөнү маалым болгон. Ошондой эле ал Чүй облусунун Сокулук районунун 1998-жылы туулган тургуну экени такталган. Айрым тургундар жаш келин ур-токмокко алынып, атка сүйрөтүлүп өлтүрүлгөнүн айтышкан.
Бул факты Кочкор РИИБ тарабынан каттоого алынып, Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен (Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында шектүү катары Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну кармалган. Ал аталган сарайда малчы катары иштеп жүргөн. 20-январь күнү мас абалында өзү менен менен чогуу жашаган келинди ур-токмокко алып, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп маалыматта айтылат.
Тергөө аракеттеринин жыйынтыгында Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан шектүүгө айыптоо актысы бекитилип, иш сотко жиберилген. Сотто Кочкор районунун прокурорунун орун басары айыптоону колдоп, шектүүгө 150 миң сом айып салуу менен өмүр бою эркинен ажыратууну сураган. Кочкор райондук сотунун 20-апрелдеги өкүмү менен ацыпталган жаран күнөөлүү деп табылып, 150 миң сом айып салуу менен өмүр бою эркинен ажыратылды.