Кочкордо кишини өлтүрө сүзүп, качып кеткен делген айдоочу кармалды

Жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Кечээ, 5-январда саат 22:15 чамасында Кочкор районунун Кочкор-Арал жолунун 22-чакырымында айдоочу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 35-40 жаш чамасындагы жаран окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча издөө иш-чараларын жүрүп, кылмышка шектүү катары, Schmitz PR 24 (Howo) үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын 1995-жылы туулган айдоочусун кармашып, Тергөө кызматына өткөрүп беришти.