Кочкор районунун Өрүктам — Сары-Булак унаа жолунун 12-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Volkswagen Passat B3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып, Кара-Кужур суусуна түшүп кеткен. Ал жерге 5 куткаруучу тартылган.