Кочкордогу 22 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелген жаран кармалды

Нарын облусунун Кочкор районунда 22 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелген жаран Оштон кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

23-январда Кочкор районундагы Тынай-Булактагы сарайдан келиндин жансыз денеси табылган. Көп өтпөй эле жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянып, келинди өзүнүн күйөөсү чынжырга байлап, атка сүйрөткөнүн жазып чыгышкан эле.

ИИМдин берген маалыматы боюнча кылмышка шектелип 26 жаштагы жигит кармалды.

«Маркумдун бети-башында жана денесинин көкүрөгүндө, буттарында көк ала тактар бар экени аныкталган. Каза болгон келиндин аты-жөнү такталды. Ал Чүй облусунун Сокулук районунун 1998-жылы туулган тургуну болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле милиция кызматкерлери шектүүнү Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан, Бишкек шаарынан издешкен. Издөө иш-чараларынын натыйжасында, шектүү Ош облусунун Ноокат районунан кармалган. Ал 1995-жылы туулган Баткен облусунун тургуну болгон», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.