Кочкордогу 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Унаада чоң эне эки небереси менен жан берди

Буга чейин ӨКМден Кочкордогу жол кырсыкта 4 адам көз жумуп, 2 адам жаракат алганын билдиришкен. Кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 125-чакырымында катталган. Анда КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Audi 100 үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн.

Каза болгондор:

— 1999-жылы туулган М. уулу К.

— 1950-жылы туулган (аял киши) И.К.

— 2009-жылы туулган кыз С.А.

— 2017-жылы туулган кыз С.А.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 72 жаштагы чоң эне 13 жана 5 жаштагы неберелери менен көз жумганы маалым болду. Маалыматты редакцияга Нарын ОИИБден да тастыкташты.