Көчөдө ичимдик ичип, заара ушаткан мурдагы муниципалдык инспектор милицияга жеткирилди

Соцтармакта Бишкек шаарынын Садырбаев жана магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа токтотуучу жайда эки жаран спирт ичимдиктерин ичип, ошондой эле коомдук жерде табигый муктаждыктарын кылып жаткан видео тарады. Аталган жарандардын аракеттери коомдук тартипти одоно бузуу катары бааланат.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын МЭЖге катталган. Милиция кызматкерлери тарабынан 1975-жылы туулган Б.К. жана 1975-жылы туулган И.Р. аттуу жарандар аныкталып, Ленин РИИБна жеткирилди. Аталган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесин негизинде (Майда бейбаштык) протоколдору түзүлдү. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун токтомуна ылайык, укук бузгандарга 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Милиция жарандарды коомдук тартиптин нормаларын сактоого, коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин аткарууга жана айланадагыларга урмат көрсөтүүгө чакырат. Мындай укук бузуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келерин эскертет.