Көчөдө күйүүчү май саткандардын ар бирине 3 миң сомдон айып салынды

Кайгуул кызматы тарабынан күйүүчү майды мыйзамсыз саткандар аныкталып, айыптар салынууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жол жээктерде өз алдынча күйүүчү майды мыйзамсыз сатып жаткан жарандар аныкталып, 9 жаранга тийиштүү протокол толтурулуп, сатуучу жаран жеке жак болгондуктан ар бирине 3000 сомдон айып салынып, жол жээгинен алдырылды. Жалпы суммасы 27 миң сом болгон. Мындай башаламан күйүүчү май саткандардын көпчүлүгү шаарга кире бериш жерлерде, Профсоюз жана Гагарин көчөлөрүнүн күн батыш тарабында аныкталган.