«Көчөдө урушуп, муунткан». Баткенде каза болгон 22 жаштагы келиндин өлүмү боюнча жаңы жагдай

Баткендин Кадамжай районунда 22 жаштагы келин каза болгон. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден тастыкташкан. Жакындарынын айтымында, келинди жолдошу сабаган.

Милициядан кылмыш иш боюнча анын жолдошуна айып тагылып кармалганын билдиришти. «Анын жолдошуна 122-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат», — дешкен милициядан.

Редакцияга Баткен ОИИБ толук маалымат берди. «2-январь күнү Кадамжай районунун Исхак-Полотхан жалпы дарыгерлер практикалык борборунун Тез жардам бөлүмүнүн дарыгери Ирелеш айылында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу кабар берген. Аталган маалымат ошол күнү катталып, төмөнкүлөр аныкталган. 

2-январь күнү саат 15:00 чамасында Ж.Г. аттуу жарандын аялы А.К. Ирелеш айылынын Садыков көчөсүндөгү ички көчөдө бара жатышып, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Жолдошу аялын колу менен муунткан. Аба жетпей аялы ошол жерде каза болгон. Аталган жагдай боюнча ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, каза болгон келиндин жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүү учурунда анын сол көз тарабында көгөргөн жарааттары жана мойнунда кол менен муунтулган белгилери бар экендиги аныкталган. Ошондой эле, каза болгон аялдын денесиндеги келтирилген жарааттардын оордугун аныктоо максатында, соттук-медициналык экспертиза дайындалган», — деп айтылат маалыматта.