Көчөдө балдарга жана аялга кол салган ит. Милиция жаныбардын ээсин издеп жатат

Бишкектин чок ортосунда көчөдөгүлөргө иттин кол салуу фактысы «майда бейбаштык» беренеси боюнча катталды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, милицияга арыз менен жаран кайрылган. Ал 1-апрелде саат 19:00 чамасында Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде уулун чоң ит тиштегенин айтып, арыз жазган. Ошондой эле арыз ээси уулу №3 балдар шаардык ооруканасында жатканын да айткан.

«12 жаштагы жабырлануучу соттук-медициналык экспертизадан өтүүдө. Укук коргоо органдары тергөө амалдарын улантып, иттин ээсин издеп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин чок ортосунда килейген ит көчөдө кетип бараткан балдарга жана аялга кол салган. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланып, кызуу талкууга түшкөн.