«Көчөгө таштап салган». Ноокенде ичимдик ичкендер мушташып, бирөөсү көз жумду

Ноокенде өз ара келишпестиктен улам чыккан чыр өлүм менен аяктады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Милицияга 4-сентябрь күнү Кочкор-Ата шаарындагы жолдун четинде адамдын өлүгү жатканы боюнча маалымат түшкөн. Биринчи кароо жүргүзүү учурунда зомбулук колдонулуп өлгөнү байкалган эмес, бирок эскпертизанын жыйынтыгы менен келтирилген жаракаттар аныкталган. Анын ким экендиги аныкталып, ал 1988-жылы туулган жаран экендиги маалым болгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө  жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелген жаран такталып, кармалды. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (ден соолукка оор залал келтирүү, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе (өзгөчө оор залал)) менен кылмыш иши козголгон.

Болжол менен 2-сентябрь күнү Кочкор-Ата шаарынын 1981-жылы туулган тургуну өзүнүн үйүндө маркум менен медициналык спирт ичип, экөөнүн ортосунда келип чыккан чырдан улам, мушташа кетишкен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин үй ээси анын каза болуп калганын байкаган. Шектүү кылмыштын изин жашыруу максатында маркумдун өлүгүн өзү жашаган даректен бир көчө ылдый алып барып таштап, кетип калган. Шектүү кармалып, камакка алынды.