«Коён» кайра кармалды. Ал бул жолу акча талап кылууга шектелүүдө

Милиция коркутуу жолу менен ири суммадагы акча талап кылган жаранды кармады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2024-жылдын январь айында милицияга Ош шаарынын тургуну чоң суммадагы акча каражатын опузалап акча талап кылгандарга чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Маалым болгондой, эки чала тааныш адам зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, 70 миң сом акча каражатын ээлеп алышкан. Эми ошол эле адамдар дагы 200 миң сом акча талап кылып жатышканы, эгер бербесе ар-намыска шек келтирген маалыматты таратабыз деп коркутуп жатканы белгилүү болду. Топтолгон иш-кагаздардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «опузалап талап кылуу» менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөрдүн бири бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүндө белгилүү болгон жаран экени аныкталган.

«Опузалап жаткандарды кармоого атайын операция даярдалып, 16-январь күнү шектүүнү Ош шаарындагы соода борборлорунун биринин унаа токтотуучу жайынан талап кылып жаткан акчанын бир бөлүгүн, 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Кармалган жаран буга чейин ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган, «Коён» каймана аты бар, Кара-Суу районунун тургуну 1995-жылы туулган Н.М. аттуу жаран экендиги аныкталды. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген», — деп айтылат маалыматта.

Ош ШИИБ буга чейин маалымат таратып, «Коёндун» кармалганын билдиришкен. Ал бассейнде эс алып жатып, белгисиз жаран менен пикир келишпестиктен улам сөз талаша кетишип, жанындагы бычагы менен бел тарабына сайып, из жашырып кеткени үчүн кармалган болчу. Бирок сот аны камактан чыгарган.