Кофейня, ресторандарга мөөнөтү өткөн азыктарды ташыган жаран кармалды

УКМК тарабынан «элиталык импорттук продукция» деген шылтоо менен мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын системалуу түрдө ташып келүүнүн, жасалмалоонун жана сатуунун кылмыштуу схемасы аныкталып жанаага бөгөт коюлду.
Маалыматка ылайык, 10 жылдан ашуун убакыттан бери өлкөбүздүн базар чөйрөсүндө премиум-гастромаркеттин атын жамынып иштеп келген «Корзинка 312» ЖЧКсынын негиздөөчүсү 1988-жылы туулган З.С.Н. 5-6 жылдан бери өлкө аймагына мөөнөтү өтүп кеткен, чет өлкөдөн арзандатылган баада алынган тамак-аш азыктарын ташып жүргөн.
2025-жылдын 10-июнунда «Корзинка312» ЖЧКсына карата кылмыш иши козголгон. Аталган жаран чет өлкөлүк сатуучулар менен тил табышып, жок кылууга багытталган мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды сатып алган жана аларды жаңы жана эксклюзивдүү продукциялар катары тариздегени аныкталган. Азыктар өлкөгө колдонууга жарактуу товарлар менен кошо аралаш жүктөрдүн курамында келип, импорттук көзөмөл баскычында текшерүү иштерин татаалдаткан.
Европадан италиялык соустар, сырлар, деңиз азыктары, түрдүү деликатестер, өсүмдүк майлары жана башка азык-түлүктөр катары көрсөтүлгөн продукциялар, иш жүзүндө жарандардын ден соолугуна коркунуч жаратуучу зыяндуу жасалма тамак-аш азыктары болгон.
Зыяндуу азыктардын негизги сатып алуучулары – өлкө боюнча ири базарлар, Бишкектеги элиталык кафелер, ресторандар жана кофе ичүүчү жайлар болуп, мөөнөтү өтүп кеткен азыктар «чет өлкөдөн келген деликатес» деген жасалма шылтоо менен керектөөчүлөрдүн дасторкондорунан орун тапкан. Тинтүүнүн жыйынтыгында табылган бардыкконфискацияланган, мөөнөтү өтүп кеткен продукциялар жок кылынган.